ABN24 тиркемесин жүктөп алуу үчүн камераңызды QR кодуна багыттаңыз
»
АБН Бизнес
Бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер
7 жылга чейин
кредит мөөнөтү
5 млн. с чейин
кредиттин суммасы
28,0%дан
пайыздык чен
Кредиттик калькулятор
Номиналдуу жылдык пайыздык чен: 28% дан
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 32,14%
Эсептөө алдын ала болуп саналат. Эсептөө маалыматтык максатта берилген. Кененирээк маалымат алуу үчүн 2810 же АБН филиалдарына кайрылыңыз.
Биздин сунуш
Ай сайын төлөм
Төмөнкү чөйрөлөрдө бизнести өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн инвестициялык жана жумушчу максаттар үчүн бизнес кредити: соода, кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана өндүрүш, курулуш, туризм жана тейлөө сектору жана башка ишкердик ишмердүүлүк. Насыяны 21 жаштан 65 жашка чейинки, туруктуу акчалай кирешеси/эмгек акысы бар жана финансы институттарынын алдындагы милдеттенмелери боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы жок жеке адамдар ала алышат.

Кредиттин бардык параметрлерин окуңуз
Кардар – жекече (жеке менчик) ишкер тарабынан берилүүчү документтердин
тизмеги:
а. кредит алууга арыз (кредиттик өтүнмө);
б. паспорт;
в. КР Юстиция органдарында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү;
г. Кардардын бизнеси боюнча документтер же Кардардын кирешелүү жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу бизнесинин сүрөтү;
д. Кардардын аялы/күйөөсү бар жана кредиттин суммасынын жыйындысы 50 000 сомдон жогору болсо, жубайынын паспортунун көчүрмөсү, нике тууралуу күбөлүк, жана кредит алууга жубайынын макулдугу керектелет;
е. Кардардын катталган дареги менен иш жүзүндөгү жашаган жеринин даректери «Түндүк» ЕМТсынын маалыматтарына дал келбей калган учурда, жашаган жеринен маалымкат же Компаниянын кызматкери жерине барып көрүп, кол тамгасы менен күбөлөндүргөн жашаган жеринин сүрөтү кошумча тапшырылат.
Кардар – юридикалык жак берген документтердин тизмеги:
а. кредит алууга арыз (кредиттик өтүнмө);
б. түзүүчү документтердин жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, лицензияланган иш болгон учурда дагы лицензиянын көчүрмөсү берилет;
в. салык кызмат органынан жана КР социалдык фонддон катталган фактысы жана салыктар жана социалдык чегерүулөр боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;
г. кредит алууга юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими;
д. юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө жана кредит алууга юридикалык
жактын жетекчисинин ыйгарым укугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
е. аткаруу органынын (жетекчинин), башкы бухгалтердин паспортторунун көчүрмөлөрү;
ж. Финансылык отчеттуулук (минимум дегенде бухгалтердик баланс жана кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет), кардардын акыркы 6 ай үчүн финансылык абалын жана төлөө жөндөмүн ырастоочу бухгалтердик документтер, ошондой эле мурдагы мөөнөттөр үчүн салыштырма маалыматтар (бар болсо).
Кепилчилик менен камсыздоодо берилүүчү документтердин тизмеги:
а. кепилдик берүүчүнүн макулдук арызы;
б. кепилдик берүүчүнүн паспорту;
в. негизги кепилдик берүүчүнүн кирешесинин жана төлөө жөндөмүн тастыктоочу жок дегенде акыркы 3 айдагы эмгек акысы тууралуу маалымкат, же бизнесинин же болбосо башка документтери.
Кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк менен камсыздоодо берилүүчү
документтердин тизмеги:
а. укук белгилөөчү/укукту ырастоочу документтер, ошондой эле техпаспорт, актылар жана тизмек сүрөттөмө;
б. күрөөнүн тигил же бул предметин каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан көчүрмө;
в. кыймылсыз мүлк менчиктештирилген болсо: кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү учурунда анда катталган адамдардын саны жөнүндө ыйгарым укуктуу уюмдун маалымкаты жана алардын күрөөгө коюуга нотариалдык макулдугу.
г. күрөө коюучу юридикалык жак болсо, күрөө коюу жөнүндө юридикалык жактын ыйгарым укугунун чечими берилет;
д. эгер күрөө коюучунун никеси катталбаган болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда анын бойдоктугу жөнүндө нотариалдык арызы берилет.
е. күрөө коюучунун аялы/күйөөсү бар болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда аны күрөөгө коюуга жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук-арызы, алардын нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен чогуу берилет, кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюуда күрөө коюучунун арызы жана жубайынын макулдук арызы.

Юридикалык текшерүүнүн негизинде кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

* Кредиттик линияны ачууга документтер бир эле жолу берилет жана кредиттик линиянын келишими иштеп турган мөөнөт аралыгында колдонууда болот, маалымкаттарды жаӊылоо Кардар билген маалыматтарын өзгөртүүдө зарылдыкка жараша жүргүзүлөт.
Кредитти кантип төлөө керек?

Электрондук капчыктар:
  • «Balance.kg»
  • Компаньон
  • «О!»
  • Умай
  • Элсом
  • Megapay
Мобилдик терминалдар:
  • «Pay 24»
  • «Умай»
  • Билайн
  • «О!»
  • Оной;
  • Оптима
  • Компаньон
  • Megapay
Мобилдик банкинг:
  • «Кыргызстан Банк»
  • «Компаньон Банк»
Мобильное приложение:
  • «Элкарт Мобайл»
  • Optima24
Өнөктөш банктардын кассалары:
  • КБ Кыргызстан — р/с 1030120000085615
  • Айыл Банк — р/с 1350610022839850
  • Демир Банк — р/с 1180000035397732
  • Банк Бай Тушум — р/с 1374010000661107
  • Бакай Банк — р/с 1240020000695170
  • Компаньон Банк — р/с 1130020000157975
  • Дос Кредо Банк — р/с 1212000200181146
  • Халык Банк р/c 1250920000850794
  • KICB Банк — р/с 1280016049359774
  • Финанс Кредит Банк- р/с 1340000051960665
  • Оптима Банк — р/с 1092300087420106
  • Керемет Банк р/c 1360040001366724
  • Кыргызкомерцбанк р/с 10510110233300231
  • Банк Азии р/c 1117701200328084
  • ФИНКА Банк р/c 1380002001078887
"ABN" МФКнын кассасы аркылуу:
  • Бишкек ш., Абдрахманова 136,
  • Талас району, Кызыл Адыр айылы, К.Осмоналиев көчөсү, 49
Кредиттик линия боюнча:
Минималдуу мөөнөтү - 1 (Бир) жыл;
Кредиттик линиянын максималдуу мөөнөтү - 7 (жети) жыл.
Насыялар үчүн:
Минималдуу мөөнөтү - 1 (Бир) ай;
700 000 сомго чейинки максималдуу мөөнөт 5 (беш) жыл;
700 000 сомдон жана андан жогору болгон максималдуу мөөнөт 7 (жети) жыл.