ABN24 тиркемесин жүктөп алуу үчүн камераңызды QR кодуна багыттаңыз
»
7 жылга чейин
кредит мөөнөтү
28,0%дан
пайыздык чен
1,5 млн. с чейин
кредиттин суммасы
АБН Тиричилик
Кыймылсыз мүлк, ремонт, билим берүү, унаа ж.б. сатып алуу үчүн
Кредиттик калькулятор
Номиналдуу жылдык пайыздык чен: 28% дан
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 32,27%
Эсептөө алдын ала болуп саналат. Эсептөө маалыматтык максатта берилген. Кененирээк маалымат алуу үчүн 2810 же АБН филиалдарына кайрылыңыз.
Биздин сунуш
Ай сайын төлөм
Коммерциялык ишмердүүлүккө (ишкердикке) байланышпаган жеке жана үй-бүлөлүк максаттар үчүн керектөө кредиттери: жеке мүлктү сатып алуу, үйдү оңдоо, үй-бүлөлүк иш-чаралар, билим берүү, эс алуу жана башка керектөө максаттары. Насыяны 21 жаштан 65 жашка чейинки, туруктуу акчалай кирешеси/эмгек акысы бар жана финансы институттарынын алдындагы милдеттенмелери боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы жок жеке адамдар ала алышат.

Кредиттин бардык параметрлерин окуңуз
Кредит алууга Кардар берүүчү документтердин тизмеги:
а. кредит алууга арыз (кредиттик өтүнмө);
б. паспорт;
в. жок дегенде акыркы 3 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкат, же Кардардын төлөө жөндөмүн жана кирешесин ырастоочу бизнес/иш ордунан документтер же сүрөт;
г. Кардардын аялы/күйөөсү бар болсо, жана кредиттин суммасынын жыйындысы 50 000 сомдон жогору болсо: никеси тууралуу күбөлүк, кредит алууга жубайынын макулдугу, жубайынын паспортунун көчүрмөсү кошумча берилет;
д. Кардардын катталган жана иш жүзүндө жашаган жеринин даректери «Түндүк» тутумунун маалыматтарына дал келбеген учурда, жашаган жеринен маалымкат же Компаниянын кызматкери жашаган жеринин барып көрүп келген жана кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн сүрөтү берилет.
Кепилдик берүү менен камсыздалганда берилүүчү документтердин тизмеги:
а. кепилдик берүүчүнүн макулдук арызы;
б. кепилдик берүүчүнүн паспорту;
в. жок дегенде акыркы 3 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкат, же бизнесинин сүрөтү же болбосо кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмүн жана кирешесин ырастоочу башка документтер. Кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк менен камсыздоодо берилүүчү документтердин тизмеги:
а. укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтер, ошондой эле техпаспорт, актылар жана сүрөттөөлөр;
б. күрөөнүн тигил же бул предметин каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан көчүрмө;
в. кыймылсыз мүлк менчиктештирилген болсо: кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү учурунда анда катталган адамдардын саны жөнүндө ыйгарым укуктуу уюмдун маалымкаты жана алардын күрөөгө коюуга нотариалдык макулдугу.
г. эгер күрөө коюучунун никеси катталбаган болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда анын бойдоктугу жөнүндө нотариалдык арызы берилет;
д. күрөө коюучунун аялы/күйөөсү бар болсо, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуда аны күрөөгө коюуга жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук-арызы, алардын нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен чогуу берилет, кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюуда күрөө коюучунун арызы жана жубайынын макулдук арызы.

Юридикалык текшерүүнүн негизинде кошумча документтер талап кылынышы
мүмкүн.

* Кредиттик линияны ачууга документтер бир эле жолу берилет жана кредиттик линиянын келишими иштеп турган мөөнөт аралыгында колдонууда болот, маалымкаттарды жаӊылоо Кардар билген маалыматтарын өзгөртүүдө зарылдыкка жараша жүргүзүлөт.
Кредитти кантип төлөө керек?

Электрондук капчыктар:
  • «Balance.kg»
  • Компаньон
  • «О!»
  • Умай
  • Элсом
  • Megapay
Мобилдик терминалдар:
  • «Pay 24»
  • «Умай»
  • Билайн
  • «О!»
  • Оной;
  • Оптима
  • Компаньон
  • Megapay
Мобилдик банкинг:
  • «Кыргызстан Банк»
  • «Компаньон Банк»
Мобильное приложение:
  • «Элкарт Мобайл»
  • Optima24
Өнөктөш банктардын кассалары:
  • КБ Кыргызстан — р/с 1030120000085615
  • Айыл Банк — р/с 1350610022839850
  • Демир Банк — р/с 1180000035397732
  • Банк Бай Тушум — р/с 1374010000661107
  • Бакай Банк — р/с 1240020000695170
  • Компаньон Банк — р/с 1130020000157975
  • Дос Кредо Банк — р/с 1212000200181146
  • Халык Банк р/c 1250920000850794
  • KICB Банк — р/с 1280016049359774
  • Финанс Кредит Банк- р/с 1340000051960665
  • Оптима Банк — р/с 1092300087420106
  • Керемет Банк р/c 1360040001366724
  • Кыргызкомерцбанк р/с 10510110233300231
  • Банк Азии р/c 1117701200328084
  • ФИНКА Банк р/c 1380002001078887
"ABN" МФКнын кассасы аркылуу:
  • Бишкек ш., Абдрахманова 136
  • Талас району, Кызыл Адыр айылы, К.Осмоналиев көчөсү, 49
Кредиттик линия боюнча:
Минималдуу мөөнөтү - 1 (Бир) жыл;
Кредиттик линиянын максималдуу мөөнөтү - 7 (жети) жыл.
Насыялар үчүн:
Минималдуу мөөнөтү - 3 (үч) ай;
700 000 сомго чейинки максималдуу мөөнөт 5 (беш) жыл;
700 000 сомдон жана андан жогору болгон максималдуу мөөнөт 7 (жети) жыл.