ABN24 тиркемесин жүктөп алуу үчүн камераңызды QR кодуна багыттаңыз
»
Оферта (Сунуш)

Жеке жактарды Мобилдик жана Веб тиркемелерде аралыктан тейлөөнүн

келишимин түзүү жөнүндө

ОФЕРТА

(СУНУШ)

1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Офертада «АБН» Микрофинансылык компаниясы» Ачык акционердик коому (мындан ары – «МФК» же «Укук ээси») тарабынан Мобилдик жана Веб тиркемелерди (мындан ары - ABN24), ошондой эле колдонуудагы жана келечекте түзүлүүчү ABN24 сервистердин бардыгын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүү келишиминин (КРУБдун 20.10.2014-жылдагы №7 лицензиясы, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 4-к/р., 35/1) шарттары, анын ичинде, жайгаштырылган жана/же жайгаштырылуучу Контентти тексттик материалдар, сүрөттөр, Колдонуучулардын комментарийлери менен, бирок аны менен чектелбестен пайдалануу шарттары камтылган.
1.2. Ушул Офертада көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоо ушул Офертада баяндалган шарттарда, тартипте жана көлөмдө Келишим түзүүгө Колдонуучунун макулдугун тастыктоосу болуп саналат. Офертанын төмөндө баяндалган тексти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 396-статьясынын 1-пунктуна ылайык Келишим түзүүгө МФКнын жеке жактарга багытталган сунушу болуп эсептелет.
1.3. Жеке жактар ушул Офертада каралган жана мындай жеке жактардын ушул Офертанын бардык шарттарын эч кандай алып коюусуз же кошулуу шартында чектөөсүз кынтыксыз кабыл алуусун туюндуруучу иш-аракеттерди жасаган мөөнөтүнөн тартып Келишим түзүлдү деп эсептелет жана күчүнө кирет.
1.4. Колдонуучунун ABN24тө катталуу фактысы ушул Офертанын акцептиси болуп саналат. Оферта ошондой эле «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушул келишимге кол тамганы жеке өзү же болбосо ABN24кө логин/пароль же Колдонуучунун мобилдик телефонуна жиберилген SMS-билдирүүнү жазуу аркылуу жөнөкөй электрондук кол тамганы коюу менен дагы кабыл алынышы мүмкүн.
1.5. Электрондук санариптик кол тамга коюлган учурда, ушул Келишим электрондук документ болуп эсептелет, ал «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Колдонуучунун кол тамгасын өз колу менен койгон кагаз бетиндеги документке барабар болот.
1.6.Ушул Келишим Колдонуучунун ABN24тү, ошондой эле ABN24түн колдонууда болгон жана келечекте түзүлүүчү сервистерин пайдалануу шарттарын жана эрежелерин, анын ичинде жайгаштырылган жана/же жайгаштырылуучу Контентти тексттик материалдар, сүрөттөр, Колдонуучулардын комментарийлери менен, бирок аны менен чектелбестен пайдалануу шарттарын белгилейт.
1.7. Колдонуучунун ABN24тү, ошондой эле ABN24түн колдонууда болгон жана келечекте түзүлүүчү сервистерин кандай болбосун ыкмада жана кандай болбосун формада алардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана багыттарынын чегинде кандай болбосун формада, төмөнкүлөрдү кошуп пайдалануусу:
- ABN24тө катталууну жана/же авторлошууну;
- Мобилдик тиркемеде жайгаштырылган Контентти көрүүнү;
- ABN24түн функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн башкача пайдалануу Колдонуучунун ушул Келишимдин шарттары менен таанышкандыгынын жана аны толук өлчөмдө кабыл алгандыгынын тастыктоосу болуп саналат. Колдонуучу Келишимдин кайсы-бир жобосуна макул болбогон учурда, Колдонуучу ABN24тү пайдаланууга укуксуз. Эгер Укук ээси тарабынан Келишимге Колдонуучу макул болбогон кандайдыр-бир өзгөртүүлөр киргизилген болсо, Колдонуучу ABN24тү колдонууну токтотууга милдеттүү.
1.8. Келишимдин колдонуудагы редакциясы www.abn.kg дареги боюнча сайтта жарыяланган.
1.9. Ушул Келишимдин шарттары өзгөртүлгөн жана/же толукталган учурда Колдонуучунун ABN24кө ар бир жолку кирүүсү жана сервситерин пайдалануусу ушул Келишимге тийиштүү өзгөрүтүүлөрдүн жана/же толуктоолордун акцептиси болуп саналат.

2. Терминдер жана аныктамалар

2.1. Аутентификация – көрсөтүлгөн идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) аныктыгын текшерүү аркылуу адамдын аныктыгын белгилөө.
2.2. Обочо туруп же аралыктан тейлөө – МФКнын тескемесинин негизинде ABN24түн жардамы менен МФК тарабынан аралыктан берилүүчү Кардарга/Колдонуучуга көрсөтүүчү кызматтар (мындан ары – «Кызмат көрсөтүүлөр»).
2.3. Кардар – Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана МФК алдында өз милдеттенмелерин аралыктан башкаруу үчүн ABN24тү колдонуучу 21 жаш же андан жогору курактагы жеке адам же жеке ишкер.
2.4. Контент – сүрөттөр, тексттик, аудио-көрүү материалдары, ошондой эле Мобилдик тиркемеде камтылган, кандай болбосун мүнөздөгү билдирүүлөр.
2.5. Жекече маалыматтардын купуялуулугу – жекече маалыматтардын жайылышына жана/же ачыкка чыгышына жол бербөө үчүн МФК жана Кардар сактоосу үчүн милдеттүү талап. Жекече маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган Купуялуулук саясатына ылайык гана мүмкүн болот.
2.6. «ABN24» – Android жана Apple iOS операциялык тутумдарынын башкаруусунда иштөөчү мобилдик түзүлүштөр үчүн иштелип чыккан, маалыматтык жана функционалдык тиркемени жана Керектөөчүгө ушул Келишимдин Тиркемеге Интеллектуалдык менчик укугун толук сактоосунун шартында жеткиликтүү болгон www.onlineclient.abn.kg веб-тиркемесин туюнткан, «АБН» «МФК» ААКнун программалык камсыздоосу болуп саналат жана анын элементтери «АБН» «МФК» ААКуна таандык.
2.7. OTP-код (One Time Password) – Капыс тартипте генерирленген жана кардарга SMS-билдирүү аркылуу жиберилүүчү, убактылуу корголгон бир жолку паролду туюндурат, кардар тарабынан операцияны текшерүү жана тастыктоо үчүн багытталган жана операцияны тастыктоонун чектелген убактысында белгилүү бир гана операция үчүн иштейт.
2.8. Кардардын МФК алдындагы милдеттенмеси – Кардардын МФКда кредит алууда, ошондой эле жеке кабинетти башкарууда жаралуучу милдеттенмеси.
2.9. Жеке идентификациялык номер (ЖИН) – обочо туруп/аралыктан тейлөө үчүн Колдонуучу тарабынан пайдаланылуучу персоналдык код.
2.10. Колдонуучу – «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндү колдонуучу болуп саналган жеке адам.
2.11. Кызмат көрсөтүүчү – «АБН» Микрофинансылык компаниясы» Ачык акционердик коому (мындан ары – «МФК», Укук ээси), КРУБдун 20.10.2014-жылдагы лицензиясы, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 4 к/р, 35/1.
2.12. Сайт – электрондук эсептөө машиналары, маалымат тутумундагы гипертексттик документтер, электрондук формадагы чыгармалар үчүн программалардын жыйындысы, ага жетүү abn.kg домендик аталыш боюнча «Интернет» маалыматтык-телекоммуникация түйүнү аркылуу камсыз кылынат.
2.13. Сервис – Колдонуучуга ABN24ни пайдалануу менен берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана функциялардын комплекси.
2.14. Электрондук-санариптик кол тамга же ЭСК – электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан, жана анын атынан маалыматка кол тамга коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылат. Электрондук кол тамга катары Компания электрондук жөнөкөй кол тамганы жана квалификацияланбаган күчөтүлгөн электрондук кол тамганы карайт:
- Кол тамганын ачкычы электрондук кол тамганын өзү (ПИН-код, пароль жана башка идентификаторлор) менен дал келген электрондук кол тамга Электрондук жөнөкөй кол тамга болуп саналат;
- Төмөнкү белгилерге дал келген электрондук кол тамга квалификацияланбаган электрондук кол тамга болуп саналат:
ü электрондук кол тамга кол тамганын ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынса;
ü электрондук кол тамга электрондук документке кол тамга койгон адамды так аныктоого мүмкүндүк берсе;
ü электрондук кол тамга электрондук документке кол тамга коюлгандан кийин ага өзгөртүү киргизилген фактысын аныктоого мүмкүндүк берсе;
ü электрондук кол тамга электрондук документке кол тамга койгон адам аны өзүнүн контролунда сактоо мүмкүндүгү болгон электрондук кол тамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлсө.
2.15. Ушул Келишимде жана андан келип чыгуучу же ага байланыштуу документтерде ушул Келишимдин 2-пунктунда белгиленбеген башка терминдер жана аныктамалар колдонулушу мүмкүн. Мындай учурларда мындай терминди түшүнүү Келишимдин текстине ылайык жүргүзүлөт. Келишимдин, ошондой эле андан келип чыгуучу же ага байланыштуу документтердин текстиндеги терминдин же аныктаманын бир мааниде түшүнүгү жок болгон учурда (эгерде башкасы түз каралбаган болсо), биринчи кезекте – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, андан кийин – ишкер жүгүртүүнүн адаттарында жана илимий докторинада аныкталган туюндурууларга жетектелүү керек.
2.16. Капыс тартипте генерирленген жана кардарга SMS-билдирүү аркылуу жиберилүүчү, убактылуу корголгон бир жолку паролду туюндурат, кардар тарабынан операцияны текшерүү жана тастыктоо үчүн багытталган жана операцияны тастыктоонун чектелген убактысында белгилүү бир гана операция үчүн иштейт.

3. Келишимдин предмети

3.1. Ушул Келишим боюнча МФК Колдонуучуга ABN24тө аралыктан тейлөө аркылуу мүмкүндүк берет жана төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтөт:
- МФКнын айрым кредиттик продуктулары боюнча кредит алууга өтүнмө берүү;
- Квалификацияланбаган күчөтүлгөн ЭСК аркылуу кредиттик Келишимге кол тамга коюу;
- мурда алынган кредиттердин статусун жана тарыхын, жана кредит боюнча карыздардын калдыгын көрүү;
- алдыдагы төлөмдөрдү/кредит боюнча карыздарды калдыгын көрүү;
- МФКдан маалыматтык жана жаңылыктарды камтыган билдирүүлөрдү алуу, МФКга суроолор менен кайрылуу жана аларга жооп алуу.
3.2. Аралыктан тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү Колдонуучу ABN24тө катталып, авторлошкондон жана Келишим түзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

4. Келишим түзүү

4.1. Бул документ МФКда:
a) Интернетте www.abn.kg дареги боюнча өзүнүн расмий сайтында;
b) Android, iOS жана www.onlineclient.abn.kg веб дарегинде платформаларда жайгаштырылган мобилдик тиркемеде жарыяланган же жайгаштырылган оферта (Келишим түзүү сунушу) болуп саналышынын негизинде МФК менен Колдонуучунун ортосундагы (мындан ары биргелешип – Келишимдин тараптары) Жеке жактарды ABN24тө аралыктан тейлөө Келишими Колдонуучу ушул Офертаны акцептеген (Колдонуучунун Келишим түзүүгө макулдугу менен) мөөнөттө түзүлдү деп эсептелет.
4.2. Колдонуучунун ABN24тө катталган жана авторлошкон, же болбосо Колдонуучу жеке өзү же жөнөкөй электрондук кол тамганы пайдалануу менен ушул Келишимге кол тамга коюу фактысы ушул Офертанын акцептиси болуп саналарын МФК менен Колдонуучу моюнга алышат.
4.3. Тараптардын электрондук кол тамгалары коюлган кандай болбосун маалымат тараптар өз колдорун коюшкан кагаз бетиндеги документке барабар болгон жана мындай документке окшош юридикалык натыйжа жаратуучу электрондук документ катары тааныларын тараптар аныкташты жана ага макул болушту. Негизинен, документте туюнтулган жана ЭСК менен кол тамга коюлган Тараптардын кандай болбосун маанилүү эркин билдирүүсү өз колу менен кол койгон кагаздагы документ сыяктуу эле юридикалык натыйжага ээ болот.

5. Колдонуучуну каттоо/авторлоштуруу. Колдонуучунун эсептик катталуусу

5.1. Колдонуучуну ABN24тө каттоо өзүнүн мобилдик телефон номерин жана аны тастыктоочу ОТР-кодун жазуу аркылуу ABN24тү биринчи жолу эле колдонгондо жүргүзүлөт. Катталгандан кийин, идентификациялык салык номерин (паспорт боюнча ИНН) жазуу жана тиркемеге кирүү үчүн өз паролун белгилөө аркылуу Колдонуучу ABN24тө авторлошот.
5.2. Каттоо жана авторлошуу аяктаганда, Колдонуучу үчүн уникалдуу эсепке алуу жазуусу түзүлөт, ABN24кө андан ары кирүү жана аны пайдалануу Колдонуучунун эсепке алуу жазуусу жана паролу аркылуу жүргүзүлөт.
5.3. Колдонуучу үчүнчү жактарга паролун жана логинин берүүгө такыр тыюу салынат! Эгер кандайдыр бир себептер менен ошол маалымат үчүнчү жактарга жеткиликтүү болуп калса, жеке маалыматтарды уурдоо же ABN24тү мыйзамсыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу максатында тийиштүү ыкчам чараларды көрүү үчүн Колдонуучу кыска мөөнөттүн ичинде бул тууралуу Укук ээсине кабарлоого милдеттүү.
5.4. ABN24түн айрым сервистерин пайдалануу Колдонуучу жекече маалыматтарын жана суралуучу башка маалыматтарды толтургандан жана бергенден кийин гана жеткиликтүү болот.
5.5. Колдонуучу ABN24тө сунушталган суроолор боюнча өзү жөнүндө так жана толук маалыматты берүүгө жана бул маалыматты актуалдуу абалда кармоого милдеттенет. Колдонуучу так эмес маалымат берген же Колдонуучу берген маалымат толук эмес же так эмес экендиги тууралуу Укук ээсинде негиз жаралган учурда, Укук ээси Колдонуучунун эсепке алуу жазуусун ыктыяры менен блоктоого же алып салууга, же Колдонуучуга ABN24тү пайдалануусунан баш тартууга укуктуу.
5.6. Колдонуучу катталып жатканда көрсөткөн маалыматтардын ырастамасын Укук ээси андан каалаган учурда талап кылуу укугун өзүнө калтырат, Укук ээсинин ыктыяры менен ал маалыматтарды бербесе, ушул Келишимдин 6.3-пунктчасында каралган кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Колдонуучу көрсөткөн документтердеги маалыматтары каттоодо белгиленген маалыматтарга дал келбесе, ошондой эле катталууда көрсөткөн маалыматтары Колдонуучуну идентификациялоого мүмкүнчүлүк бербей жатса, Укук ээси Колдонуучуну эсепке алуу жазуусуна кирүүсүнөн жана ABN24тү пайдалануусунан баш тартууга укуктуу.
5.7. Колдонуучунун эсепке алуу жазуусунда камтылган жекече маалыматы ушул Офертанын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Купуялуулук саясатынын (1-тиркеме) шарттарына ылайык Укук ээси тарабынан сакталат жана иштетилет.
5.8. Тандалган паролдун коопсуздугуна (таап алууга туруктуулук), жана купуялуулугуна, ошондой эле Колдонуучунун эсепке алуу жазуусундагы ABN24тү алкагындагы же аны пайдалануу менен жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттерге (алардын кесепетине), анын ичинде Колдонуучунун эсептик жазуусуна кирүү үчүн маалыматты кандай болбосун шартта үчүнчү жактарга Колдонуучу өз ыктыяры менен берген учурларда Колдонуучу өз алдынча жоопкерчилик тартат.
5.9. Колдонуучунун эсепке алуу жазуусун пайдалануу менен ABN24түн сервистерине санкцияланбаган (Колдонуучу уруксат бербеген) кирүүнүн бардык учурлары жөнүндө жана/же өзүнүн паролунун купуялуулугунун кандай болбосун бузулуусу (бузулгандыгына шектенүү) тууралуу Колдонуучу Укук ээсине дароо билдирүүгө милдеттүү.
5.10. Үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча маалыматты алуу/берүү кечигип жаткандыгы же албагандыгы/бербегендиги үчүн, анын ичинде Интернет-сервис провайдерлердин күнөөсү боюнча бузулуулардын натыйжасында же алардын натыйжасында маалымат тутуму аркылуу маалыматтарды берүүдө көйгөй жаралышы мүмкүн болуучу ремонт, техникалык, профилактикалык жана башка иштерге байланыштуу Колдонуучу алдында Укук ээси жоопкерчилик тартпайт.
5.11. Ушул Офертанын башка кандай болбосун шарттарына карабай, Колдонуучу ABN24тү пайдалануу шарттарын, анын ичинде ушул Оферта менен каралган коопсуздук жана купуялуулук боюнча талаптарды бузгандыгынан улам пайда болуучу кандай болбосун учурда кыя, капыс зыяндар (маалыматтардын кандай болбосун жоголуп кетиши жана алардын пайдаланылышы; же кандай болбосун коюлган доолор же кайсы болбосун үчүнчү жакка жүргүзүлүүчү төлөмдөрдү кошо, бирок булар менен эле чектелбестен) үчүн Укук ээси жоопкерчилик тартпайт.

6. ABN24тү пайдалануу шарттары

6.1. ABN24түн сервистерин пайдаланууда Укук ээси бардык Колдонуучулар үчүн, же болбосо Колдонуучулардын айрым категориялары үчүн (Колдонуучу жүргөн жерге, сервис көрсөтүлүүчү тилине ж.б. жараша) лимиттерди жана чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу, анын ичинде: айрым функциялардын бар болгондугу/жоктугу, катталган бир Колдонуучу тарабынан жиберилиши же алынышы мүмкүн болгон билдирүүлөрдүн максималдык саны, жүктөлүүчү Контенттин сакталышынын максималдык мөөнөтү жана атайын параметрлери ж.б. Укук ээси ABN24түн сервисине автоматтык түрдө кайрылууга тыюу салууга, ошондой эле автоматтык түрдө генерирленген кандай болбосун маалыматты (мисалы, спамды) кабыл алууну токтотууга укуктуу. Белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалымат Укук ээсинин жеке өзүнүн ыктыяры боюнча аныкталуучу формада жана ыкма менен Колдонуучуга жеткирилет.
6.2. Укук ээси кимдир-бирөөнөн атайын кабар бербестен, ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат. Келишимдин жана/же анда көрсөтүлгөн милдеттүү документтердин жаңы редакциясы аны, эгер келишимдин жаңы редакциясында башкасы каралбаса, “Интернет” маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндө, мобилдик тиркеменин тийиштүү бетинде жайгаштырган мөөнөттөн тартып күчүнө кирет, жана Колдонуучу Келишимдеги өзгөртүүлөрдү өз алдынча дайыма көзөмөлдөп турууга милдеттенет. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү жайгаштыргандан кийин Колдонуучу ABN24тү пайдаланууну улантуусу Колдонуучунун бул өзгөртүүлөргө макулдугун туюнтат.
6.3. Колдонуучу ушул Келишимдин шарттарын бузган фактысын ыктыяры менен аныктоо жана максатка ылайыктуу деп эсептеген чараларды көрүү укугун Укук ээси өзүнө калтырат.
6.4. Колдонуучу Мобилдик тиркемени өзүнүн тобокелдигине пайдаланат. Сервис “кандай болсо ошондой” көрсөтүлөт. Укук ээси эч кандай жоопкерчилик албайт, анын ичинде Мобилдик тиркеменин шайкеш келишине, ошондой эле Мобилдик тиркеменин колдонуудагы жана келечекте түзүлүүчү сервистерине, Колдонуучунун максаттарына жана күтүүлөрүнө жоопкерчилик албайт.
6.5. Укук ээси төмөнкүлөргө кепилдик бербейт:
6.5.1. Сервис үзгүлтүксүз, тез жана катасыз көрсөтүлөрүнө;
6.5.2. Мобилдик тиркемени пайдалануу менен алынышы мүмкүн болгон натыйжалар кайсы бир фактыларды аныктоо жана/же тастыктоо үчүн Колдонуучу тарабынан пайдаланылышы мүмкүн болушуна;
6.5.3. Мобилдик тиркемени пайдалануу менен Колдонуучу алуучу маалыматтын, кызмат көрсөтүүнүн, кайсы бир продуктунун сапаты Колдонуучунун күтүүсүнө дал келерине.
6.6. ABN24 дайыма толуктоо жана жаңылоо баскычында тургандыктан, берилүүчү Сервистин формасы менен мүнөзү Колдонуучуга алдын ала эскертилбестен, мезгил-мезгили менен өзгөрүп турушу мүмкүн. Укук ээси зарылдыкта, анын ичинде Колдонуучу ушул Келишимдин жана/же Макулдашуунун шарттарын же ABN24тө жайгаштырылган колдонуудагы башка юридикалык документтердин шарттарын бузганда алдын ала кабар бербестен, жалпы эле бардык Колдонуучуларга же айрым бир Колдонуучуга Сервис (же Сервистин алкагындагы кайсы бир өзүнчө функцияны) берүүнү ыктыяры менен токтотууга же чектөөгө, ошондой эле Колдонуучунун эсепке алуу жазуусун блоктоого же алып салууга укуктуу (убактылуу же таптакыр).
6.7. Укук ээси ABN24 Колдонуучуларга маалыматтык жана жарнамалык мүнөздөгү билдирүүлөрдү жибергенге укуктуу.
6.8. Колдонуучу ABN24түн сервистерин мыйзамдуу гана максатта пайдаланууга милдеттенет. Укук ээсинин ою боюнча Колдонуучунун Мобилдик тиркеменин башка колдонуучусунун укуктарын жүзөөгө ашырууга тоскоолдук жаратуучу же чектөөчү кандай болбосун иш-аракеттерине жол берилбейт.

7. Тараптардын укуктары жана милдеттери

7.1. Укук ээси милдеттүү:
· Колдонуучуга кызматтарды ушул Келишимге ылайык сапаттуу жана өз учурунда көрсөтүүгө;
· Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жана сактоого, жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган учурларда жана ал боюнча маалыматтарды Жекече маалыматтардын Купуялуулук саясатына ылайык гана берүүгө (1-тиркеме);
· кызмат көрсөтүү тартибинин жана шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндө Колдонуучуга ушул Келишимде аныкталган тартипте өз учурунда кабарлоого;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишимде каралган башка милдеттерди аткарууга.
7.2. Колдонуучу милдеттүү:
· ушул келишимдин талаптарын аткарууга;
· кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн интернетке жана орнотулган программалык камсыздоо менен тиийштүү мобилдик телефонго кирүү мүмкүнчүлүгүнө;
· Колдонуучунун паролунун жана ABN24кө жетүүсү үчүн керектүү болгон баш маалыматтын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай купуя маалыматты башка жактарга ачыкка чыгарбоого, анын ичинде:
· Колдонуучунун мобилдик телефонун жоготкон/уурдаган фактысы тууралуу ага андан ары кирүүнү блоктоо максатында МФКга дароо билдирүүгө;
· кызмат көрсөтүүнү пайдаланууда зарыл коопсуздук чараларын сактоого, башка адамдарга ABN24тү пайдаланууга мүмкүндүк бербөөгө;
· мобилдик телефондун же компьютердин экранына чыгарылуучу, ABN24тө колдонулуучу маалыматты көңүл коюуп окууга, жана сунушталган варианттардан ичинен иш-аракеттерди өз ниетине ылайык тандоого же болбосо императивдик көрсөтмөлөрдү так аткарууга; киргизилүүчү маалыматтын тууралыгын көңүл коюп текшерүүгө;
· ушул келишимге өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор жөнүндө маалыматтын бар экендигин МФКнын сайтында текшерүүгө жана мындай маалымат бар болсо – кызмат көрсөтүүнүн жаңы тартибин жана шарттарын көңүл коюуп окуп чыгууга;
· паспорту, мобилдик телефонунун номери же башка жекече маалыматтары алмашканда/жоголгондо Колдонуучунун МФКга келгенинде анын маалыматтарын жаңылоо үчүн зарыл маалыматтарды өз учурунда киргизүү үчүн МФКга өз маалында кабарлоого;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган башка милдеттерди аткарууга.
7.3. Укук ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
· кызмат көрсөтүү тартибин жана шартын ушул Келишимде аныкталган тартипте өзгөртүү;
· ABN24тө көрсөтүлүүчү кызматтардын жана функциялардын топтомун, ошондой эле аларды аткаруу тартибин ыктыяры боюнча каалаган учурда өзгөртүү;
· Колдонуучу түйүн телефонун жоготкон учурда, кыянаттык менен пайдалануу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Колдонуучунун телефон номерин өзгөртүү;
· Колдонуучуга бул тууралуу алдын ала кабарлабастан төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүнү токтотуп туруу:
Ø Колдонуучу ушул Келишимдин шарттарын бузганда – жол берилген бузууларды Колдонуучу жойгонго чейинки мөөнөткө;
Ø кызмат көрсөтүү Колдонуучу тарабынан пайдаланылбагандыгын болжолдоочу негизди жараткан жагдай бар болгондо – бул жагдайларды аныктаганга чейинки мөөнөткө;
Ø кызмат көрсөтүү үчүн МФК тарабынан колдонулуучу жабдууну жана(же) программалык камсыздоону алмаштыруу, оңдоо, техникалык тейлөө – 72 (жетимиш эки) саатка чейинки жана аны кошкондогу мөөнөткө;
Ø паспорттун колдонулуу мөөнөтү токтогондо;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган башка укуктарды жүзөөгө ашыруу.
7.4. Колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
· ABN24 сервистерин ушул келишимге ылайык пайдалануу;
· ушул Келишимди бир тараптуу тартипте бузуу;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган башка укуктарды жүзөөгө ашыруу.
7.5. ABN24тү колдонууда обочо туруп/аралыктан тейлөөнү пайдаланууга Колдонуучунун укугун аутинтификациялоо жана ырастоо тартибин камтыган коопсуздукту сактоо максатында Колдонуучу төмөнкүлөргө укуксуз:
· ага жетиштүү укук болбосо, өзүн башка адам же уюмдун жана/же коомдун өкүлү, анын ичинде Укук ээсинин кызматкерлери, форумдардын модераторлору, ABN24 ээси катары көрсөтүүгө, ошондой эле түйүндө башка адамдардын мыйзамсыз өкүлчүлүгүнүн кандай болбосун башка формаларын жана ыкмаларын пайдаланууга, ошондой эле Колдонуучуну же Укук ээсин кайсы бир субъектилердин же объектилердин сапаттарына жана мүнөздөмөсүнө карата адашууга алып келүү;
· Мобилдик тиркеменин Сервистеринин ченемдеги иштешин бузуу;
· ABN24тө камтылган, башка адамдардын кайсы болбосун эсепке алуу жазуусуна, ABN24түн кайсы болбосун серверине кошулган компьютердик тутумдарга же түйүндөргө санкцияланбаган жетүүнү паролдорду сындыруу, табуу, эсептөө/көзөмөлдөө («скрейпинг») аркылуу же Укук ээси тарабынан атайын берилбеген кандай болбосун материалдарды алууга багытталган башка ыкмалар менен алууга аракет жасоо;
· Келишим жана Макулдашуу менен салынуучу тыюуларды жана чектөөлөрдү бузууга багытталган аракеттерге көмөк көрсөтүү;
· Колдонуучу ABN24тү пайдалануу менен байланышкан өзүнүн иш-аракеттерине, анын ичинде эгер мындай иш-аракеттер үчүнчү жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келе турган болсо, ошондой эле КР мыйзамдарынын сакталышына үчүнчү жак алдында жоопкерчиликти өз алдынча тартат.

8. Тараптардын жоопкерчилиги

8.1. Тараптар Келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8.2. Тутумга жеткиликтүүлүктүн каражаттарынын (логин, Пароль жана Код) купуялулугунун сакталышына жана камсыздалышына, ошондой эле жеткиликтүүлүк каражаттарын санкцияланбай пайдаланган же үчүнчү жактардын санкцияланбаган операциялары жүргүзүлгөн учурда пайда болушу мүмкүн болгон чыгашалар үчүн Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8.3. Эгерде мындай аткарбай коюу же талаптагыдай эмес аткаруу жеңилгис күчтүн (форс-мажор) жагдайларынын иш-аракеттеринен улам болсо, Тараптар ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда жоопкерчиликтен бошотулушуат,
8.4. Жеңилгис күчтүн жагдайлары болуп мындай шарттарда ушул Келишимди түзгөндөн кийин пайда болгон, жана тараптардын бири да аны алдын ала билбеген, аң-сезимдүү ыкма менен алдын ала албаган (жаратылыш жана техногендик кырсыктар, куралдуу чыр-чатактар, массалык баш аламандыктар, террористтик актылар ж.б.) өзгөчө жана алдын ала албаган жагдайлар саналат.
8.5. Жеңилгис күчтүн жагдайынан улам милдеттенмени аткаруу мүмкүндүгү жаралбаган Тарап мындай жагдайлардын келгендиги жана аракетинин токтогондугу жөнүндө башка Тарапка он күндүн ичинде кабарлоого тийиш.
8.6. Жеңилгис күч жагдайынын келиши тиешелүү милдеттенмени аткаруу мөөнөтүн анын узактыгы ошол болгон жагдайдын аракетинин узактыгына дал келген мөөнөткө узартат.
8.7. Колдонуучу пайдаланып жатканда МФК менен Колдонуучунун ортосунда өз ара берилүүчү маалымат тыңшоонун, ортодон билип алуунун, программалык-техникалык каражаттарды бузуу аркылуу, ошондой эле жеткиликтүүлүк каражаттарын пайдалануу эрежелерин Колдонуучу бузуусунун натыйжасында үчүнчү жактарга белгилүү болуп калган учурда МФК буга жоопкерчилик тартпайт (МФК коопсуздук жол-жоболорун сактоо боюнча ак ниеттен иш-аракет жасаган шартта).
8.8. Ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жоопкерчиликтен бошотуучу жагдайлар болуп ошондой эле ушул Келишим түзүлгөндөн кийин өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган, тийиштүү милдеттенменин тийиштүү тарап үчүн аткарылышын түздөн-түз мүмкүн эмес кылган (тыюу салган) мыйзам актыларынын күчүнө кириши саналат.

9. Келишимди бузуу

9.1. 6.6. пунктунда каралган учурларды кошпогондо, же форс-мажор жагдай жаралганда, МФК бул тууралуу Колдонуучуга Мобилдик тиркеменин жардамы менен эскертүү аркылуу кайсы болбосун убакытта Келишимди бузганга чейин жок дегенде 7 (жети) күн мурун ушул Келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.
9.2. Колдонуучу Келишимди бузганга чейин МФКга эскертүү менен жок дегенде 7 (жети) күн мурун бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды МФКга өзү келип жол-жоболоштуруу жана өздүгүн ырастоочу документти көрсөтүү аркылуу ушул Келишимди кандай болбосун учурда бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.

10. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

10.1. Ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүүдө жана/же толуктоодо ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашууга Тараптар төмөнкүдөй тартипте жетишилет:
· Келишимдин жаңы редакциясын Интернет түйүнүнө www.abn.kg дареги боюнча сайтка жайгаштыруу аркылуу анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө Офертаны МФК Колдонуучуга жиберет;
· Колдонуучунун Мобилдик тиркемеге белгиленген тартипте кирүүсү Колдонуучунун Мобилдик тиркемеге мындай кирүү учурунда иштеген Келишимдин шарттарынын акцептиси болуп саналат, т.а., Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө Колдонуучунун макулдугу алынган деп эсептелет;
· Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен Колдонуучунун макул эместиги (акцептиден баш тартуу) Колдонуучунун МФКга жеке өзү келип, жазуу жүзүндөгү баш тартуусу жана өздүгүн ырастоочу документти көрсөтүү аркылуу 7 (жети) календардык күн ичинде туюнтулушу мүмкүн.

11. Талаштарды чечүү тартиби

11.1. Ушул Келишимден пайда болуучу кандай болбосун талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11.2. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү мүмкүн болбогон учурда, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечилет.

12. Мобилдик тиркемедеги жарнама

12.1. Укук ээси Мобилдик тиркемеде жайгаштырылган жарнама үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте жоопкерчилик тартат.

13. Башка жоболор

13.1. Колдонуучунун жана Укук ээсинин ортосундагы ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 394-статьясына ылайык Колдонуучу Келишим менен каралган тартипте анын шарттарына макул болгондугун туюндурган мөөнөттөн баштап күчүнө кирет жана Мобилдик тиркемени пайдаланган мөөнөттүн бардыгында колдонууда болот.
13.2. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө жатат.
13.3. Эгер ушул Келишимдин бир же бир нече жоболору тигил же бул себептер менен жараксыз же юридикалык күчү жок деп табылса, анда ал Келишимдин калган жоболорунун аныктыгына же колдонулушуна таасир этпейт.
14. Колдонуучу же башка колдонуучулар Келишимдин жоболорун бузган учурда, Колдонуучу тарабынан болгон аракетсиздик өз кызыкчылыктарын коргоого тийиштүү аракеттерди кечирээк көрүү укугун Укук ээсинен ажыратпайт, ошондой эле андан кийин ушундай же ушуга окшош бузууларды жасаган учурда Укук ээсинин өз укуктарынан баш тартканын туюндурбайт.
14.1. Ушул Келишим юридикалык бирдей күчкө ээ болгон мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн.
14.2. Эгер ушул Келишим менен башкасы каралбаса, бардык расмий кабарламалар, доолор, талаптар ж.б. ушул Келишимдин алкагында жазуу жүзүндө таризделиши жана контрагентке почта менен жиберүү (тапшыргандыгы жөнүндө кабарлама менен жөнөкөй жана буйрутма) түрүндө же чабарман аркылуу берилиши керек.
14.3. Ушул Келишимди түзүп жатып, Колдонуучу Мобилдик тиркемеде жана Офертанын акцептисинде катталган мөөнөткө чейин ал ушул Келишимдин тартиби жана шарттары менен таанышкандыгын, ага макулдугун ырастайт жана аларды өзү үчүн милдеттүү деп тааныйт.

15. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары:


Укук ээси /МФК:

«АБН» МФК ААК
ИНН 02810199810206
ОКПО 22250602
Бишкек ш., 4 мкр., үй 35/1
Кыргызстан Коммерциялык банкы ААКы
БИК: 103001
Э/с: 1030120000085615


________________________
Башкармалыктын Төрагасы
Кожомуратов У.Б.

Колдонуучу/Кардар

Колдонуучуну ABN24тө каттоодо/авторлоштурууда Офертаны акцептөө жолу менен Колдонуучунун жөнөкөй электрондук кол тамгасы коюлду:

_____________________А.А.А.
ИНН: _____________________
Паспорт:___________________



1-тиркеме.

«АБН» «МФК» ААКнун

«ABN24» тиркемесин колдонууда

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ


1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

1.1. Ушул Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты (мындан ары – Купуялуулук саясаты) «АБН» «МФК» ААК (мындан ары – Компания) «ABN24» (мындан ары – Тиркеме) тиркемесинин кызмат көрсөтүүлөр сервисин колдонууда жана колдонуп жаткан учурда колдонуучулардан алган бардык маалыматтарга карата пайдаланылат.
1.2. Ушул Купуялуулук Саясатында төмөнкү терминдер пайдаланылат:
1.2.1. «Жеке маалыматтар» - кандай болбосун маалыматтар, тиркемени пайдалануучу аныкталган же аныкталуучу жеке жакка түздөн-түз же кыйыр тийиштүү болгон маалыматтар.
1.2.2. «Жеке маалыматтарды иштетүү» - жеке маалыматтар бар автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдаланбастан жасалуучу кандай болбосун иш-аракет (операция) же иш-аракеттер жыйындысы, анын ичинде жекече маалыматтарды чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаӊылоо, өзгөртүү), алып чыгуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (жайылтуу, берүү, жеткиликтүүлүк), жаксыздандыруу, блоктоо, алып салуу, жок кылуу.
1.2.3. «Жеке маалыматтардын купуялуулугу» - жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз алардын жайылтылышына же мыйзамдуу башка негиздин болушуна жол бербөөнү Компания сактоосу үчүн милдеттүү талап.
1.2.4. «Жалпы жеткиликтүү жеке маалыматтар» – бул аларга жеткиликтүүлүк мыйзамдар тарабынан чектелбеген жана жалпы пайдалануу үчүн багытталган жеке маалыматтар.
1.2.5. «Кардар» – 21 (жыйырма бир) жаш куракка жеткен, укукка жөндөмдүү жана ишке жөндөмдүү, Тиркемеге кирүүдө баштапкы катталууда Келишимди Компаниянын Офертасына акцептөөчү жеке жак.
1.3. Офертанын келишимин акцептөө жана Тиркемеде көрсөтүлүүчү кызматтарды Кардардын пайдаланышы ушул Саясат жана Компаниянын Оферта Келишими менен белгиленген шарттарга ылайык Кардардын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу боюнча Компаниянын укуктарын берүүгө толук жана кынтыксыз макулдугун туюндурат.
1.4. Ушул Купуялуулук саясатынын шарттарына макул болбогон учурда, Кардар Тиркемени пайдаланууну токтотушу керек.
1.5. Купуялуулуктун ушул саясаты Тиркемени пайдалануу аркылуу берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө карата гана колдонулат жана аны Компаниянын www.abn.kg расмий сайтына жайгаштырган мөөнөттөн тартып күчүнө кирет.

2. КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНЫН ПРЕДМЕТИ

2.1. Тиркеменин кызмат көрсотүүлөрүн кардардын пайдаланышы ушул Купуялуулук саясатына жана Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун туюндурат.
2.2. Ушул Купуялуулук саясаты Кардардын жеке маалыматтарды берүү боюнча укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле Компания тарабынан Кардар Тиркемени пайдаланууда алган анын жеке маалыматтарын пайдалануу/иштеп чыгуу/сактоо жана анын купуялуулугун коргоо режимин ачыкка чыгарбоо жана камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин белгилейт.
2.3. Кардардын ушул Купуялуулук саясатынын алкагында иштеп чыгууга/пайдаланууга/сактоого уруксат берилген жекече маалыматтары Кардар Тиркемени пайдаланууда Компания тарабынан берилет, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, айы, күнү жана жери, үй бүлөлук абалы, дареги, телефон номери, Кардарлардын кирешелери/чыгашалары боюнча Кардар берген маалыматтар жана маалымкаттар, Тиркеме үчун пайдаланылуучу жабдуунун түзүлүшүнүн типтери, санариптик сүрөтү, Кардардын сүрөтү менен фото-видео материалдар, кредиттик тарыхы жөнүндө маалыматтар, Кардар белген байланыш маалыматтар жана Тиркемени пайдаланууда Компаниянын башка дагы берилген маалыматтары.

3. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТОО ЖАНА ИШТЕП ЧЫГУУ МАКСАТТАРЫ

3.1. Кардардын жеке маалыматтары Тиркеменин кызмат көрсөтүүлөрүнө Кардарга жеткиликтүүлүктү берүү максатында жана Тиркеменин функционалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Компания тарабынан пайдаланылат.
3.2. Кардардын жеке маалыматтары ошондой эле банк чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана мекемелер менен маалыматтарды, кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында, жана террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө берилет.
3.3. Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу мөөнөтү чектелбестен Компания тарабынан, кандай болбосун мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдаланбастан жеке маалыматтардын маалымат тутумунда жүзөгө ашырылат.
3.4. Кардардын жеке маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте гана берилиши мүмкүн.
3.5. Компания Кардардын жеке маалыматтарын бейукук жана капыс кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөӊ, блоктоодон, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка бейукук аракеттеринен коргоо үчүн керектүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.
3.6. Эгер жеке маалыматтар Кардар тарабынан атайын берилген болсо, же үчүнчү жактарга Кардардын айыбы боюнча атайын эмес белгилүү болуп калса, анын ичинде үчүнчү жактарга Тиркемени (логиндерди, паролдорду берүүнү кошо) пайдалануу талаптары бузулганда Компания жоопкерчилик тартпайт.

4. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

4.1. Кардар Компаниянын жеке маалыматтарын бербей коюуга укуктуу, ал үчүн Кардар Оферта Келишимин акцептөөбөгө жана Компаниянын тиркемесин пайдаланбоого тийиш.
- Кардар Оферта Келишимин акцептеген жана Тиркемени пайдаланган учурда, төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Тиркеменин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу үчун керектүү жеке маалыматарды берүүгө.
- Алар өзгөртүлгөн учурда, берилген жеке маалыматтарды жанылоо, толуктоо.
4.2. Компания берген жеке маалыматтардын тактыгына Кардар жоопкерчилик тартат.
4.3. Компания төмөнкү укуктарга жана милдеттенмелерге ээ:
- Кардардын алган жеке маалыматтарын ушул Купуялуулук саясатынын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана пайдалануу.
- Купуя маалыматты жашыруун сакталышын камсыз кылуу, Кардардын алдын ала жазуу жүзүндө уруксаты жок ачыкка чыгарбоо, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү болгон жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарында белгиленген жеке маалыматтарды кошпогондо, Кардар берген жеке маалыматтарды алмашууну, жарыялоону, же ачыкка чыгарууну башка мүмкүн болуучу ыкмалар менен жүзөгө ашырбоо.
- Колдонуудагы ишкер жүгүртүүдө мындай түрдөгу маалыматты коргоо үчүн пайдаланылуучу тартипке ылайык, Кардардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн алдын ала коопсуздук чараларын көрүү.
4.4. Ушул Купуялуулук саясатынын 3.6-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, Кардардын жеке маалыматтарын бейукук пайдалангандыгы үчүн Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ

5.1. Кардардын жана Компаниянын ортосунда кайсы бир доо пайда болгондо, доо талашын ыктыярдуу түрдө жөнгө салуу жөнүндө Доо ээси тараптан жазуу жүзүндөгү сунуш берүү милдеттүү болуп саналат.
5.2. Доону алуучу доону кароонун жыйынтыгы тууралуу Доо ээсине бул доону алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлайт.
5.3. Тараптар макулдашууга жетишпесе, талашты андан ары жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттук тартипте жүргүзүлөт.
5.4. Ушул Купуялуулук саясатына жана Кардар менен Компаниянын ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары пайдаланылат.